Туйгунаалы Абдраимов сурактан чыкты (видео)

Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов сурактан чыкты. Бул тууралуу айрым ЖМКлар видео жарыялады.

Маалыматка караганда, ал бүгүн, 20-сентябрда УКМКда сурак берген жана журналисттерге комментарий берүүдөн баш тарткан.

Буга чейин Туйгунаалы Абдраимовдун үйүндө тинтүү жүргөнүн, өзү суракка алып келингени айтылган эле. Бирок укук коргоо органдары азыркыга чейин бул боюнча маалымат берише элек.