Туйгунаалы Абдраимовдун үйү тинтилип, өзү суракка алынып кеткени айтылды

Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун үйүн тинтип, өзүн суракка алып кетишти. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

Бирок укук коргоо органдары бул тууралуу комментарий берише элек. Белгилей кетсек, ал өткөн аптада жоон топ саясатчылардын катары ИИМдин Тергөө башкармалыгына сурак берип чыккан эле.