Тумандан улам «Манас» аэропортундагы каттамдар кармалууда

Бүгүн, 17-декабрда саат 00:00дөн тарта коюу туман байкалууда. Аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

«Алматыдагы кошумча аэродромго 3 учак конду – Стамбулдан «Түрк авиа каттамдары», Дубайдан «Флай Дубай» жана Москвадан «Аэрофлот». Ошондой эле «АвиаТраффик» компаниясынын учагы Оштогу кошумча аэродромго конду. Кошумчалай кетсек, «Эйр Астана» авиакомпаниясынын Нур-Султан жана Алматыдан уча турган каттамдары да кармалууда», — деп айтылат маалыматта.

Аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот: «Манас» — 0 312 693109; «Ош» — 0 3222 90101.