Турак-жайсыз калган жалгыз бой энеге Камчыбек Ташиев жаңы үй куруп берди (фото)

Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Үлгү айылынын тургуну жалгыз бой эне Гүлшайыр Ташполотовага жаңы үй тапшырылды.
Маалыматка ылайык, эки балалуу эне ондогон жылдар бою Орусияда иштеп, Үлгү айылынан там сатып алган. Бирок 2021-жылдын декабрь айында турак жайы толугу менен өрттөнүп кеткен. Үй-жайсыз калган Гүлшайыр Ташполотованын кайрадан там курууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, жардам сурап февраль айында Камчыбек Ташиевге кайрылган.
Ташиев жардам колун сунууга даярдыгын дароо билдирип, курулуш мезгили келиши менен 33 күндүн ичинде жаңы үй куруп берди. Анда жашоо үчүн бардык керектүү шарттар камтылган.
Жаңы үйдүн ачкычын Камчыбек Ташиев Гүлшайыр Ташполотовага айыл аксакалдарынын жана үй ээсинин жакындарынын катышуусунда тапшырды.