Түркиянын коронавируска каршы «Turcovac» вакцинанын сыноолору Кыргызстанда да өткөрүлөбү?

«Turcovac» деп аталган түркиялык коронавирустук вакцинаны изилдөөнүн үчүнчү этабы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, жаңы вакцинаны текшерүүгө 40 миң 800 ыктыярчы катышат. Сыноо Венгрияда, Азербайжанда жана Кыргызстанда жүргүзүлөт. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазган маалыматтарына караганда, Эржийес университети жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан «Turcovac» вакцинасын сыноонун үчүнчү этабы 22-июнда Түркияда башталды. Өлкө дагы деле «Pfizer/Biontech» жана «Sinovac» вакциналарын колдонуп келет. Түркияда буга чейин 15 миллиондой адам эмдөөдөн өткөн.