Тургундар тарабынан Баткен-Исфана жолунун жабылышы. Окуянын чоо-жайы

Ош-Баткен-Исфана жолун тосуп турган элге президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев барды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жеринде эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү үчүн Лейлек районун акими жана тиешелүү күч органдары жарандар менен иш алып барууда. Негизинен жолду тоскон элдин талабы убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандардын бошотуп берүү талабы менен чыгышкан.

«3-август күнү саат 15:40 чамасында Лейлек районунун Катраң айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылында Катраң айыл аймагынын 25-30га жакын жергиликтүү тургундары Алмалуу тоосундагы “Апрельское АZI” алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдиришип, аталган ишкананын техникаларын таштап келе жаткан оор жүк ташуучу унаасын жолдон тосуп алышып, чыгарылган техникаларды кайра алып кетүүсүн талап кылышкан. Чогулган элдер менен Баткен ОИИБдин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Кочкоров, Лейлек РИИБдин начальниги милициянын подполковниги Кундузов жана Катраң айыл аймагынын башчысы Салибаевдер түшүндүрүү иштерин алып барышкан. Саат 20:10 чамасында чогулган элдердин саны 150гө чукулдап, техникаларды жүктөп келген оор жүк ташуучу автоунааны кайра артка кайтарышкан учурда, Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким жана Лейлек районунун прокурору элдер менен жолугушкан.

Райондун бийлик өкүлдөрүнө элдер алтын кендин иштетүүсүнө толугу менен каршылыгын билдиришип, техникаларды кайра артка кайтаруусун талап кылышкан. Саат 23:00 чамасында алтын кен иштетүүчү ишкананын кызматкерлери алып келген техникаларын кайра кайтаруу үчүн барган учурда,  4-август күнү саат 03:00 чамасында Катраң айылынын 40-50гө жакын жергиликтүү тургундары артынан барышып, ишкананын кызматкерлерин ур-токмокко алышкан. Натыйжада 4 жаран денелеринен жараат алышып, Лейлек ооруканасына кайрылышкан. Ошондой эле ишканага таандык автоунаасынын алдыңкы, арткы жана оң каптал айнектерин таш менен уруп, жараксыз абалга келтиришкен«,- деп айтылат маалыматта.

Аталган жагдай боюнча 4-август күнү Лейлек РИИБдин КЖБРне катталып Жазык кодексинин 265-беренеси (жолдорду мыйзамсыз тосуу), 266-беренеси (ээн баштык) жана 355-беренелеринин негизинде (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.