Мал базарда чет элдик турист менен англис тилинде баарлашкан аксакалдын видеосун көрдүңүз беле? Кыска аралыкта интернет жылдызына айланган Омарбек Жоробаев көп жылдар бою англис тилинен мугалим болуп иштеген. «Учурда базарда мал сатып иштейм» деген аксакал кызыктуу маек курду.
«Мен мал базарда мал алып, сатам. Келе жатсам бир блогер туруптур. Аялы менен экен. Торпок, уйларды тартып жатат. Ал Португалиядан келгенин айтты. Мен анын жубайын атка миндирип көрсөтөйүн дедим да жылкы саткан базарга барсак, бала ат минип турган экен. Коркуп болбой койду. Анан сөз башталып кетти. Базардагылар мени тартып, видеону интернетке жөнөтүп салышыптыр. Бир күндө жылдыз болдум», — деди ал.