Турист менен англисче сүйлөшүп таанылган аксакал көз жумду

Мал базарда чет элдик турист менен англис тилинде баарлашкан аксакалдын видеосу тарап, кыска аралыкта интернет жылдызына айланган Омарбек Жоробаев көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын уулу кабарлады.

Омарбек Жоробаев көп жылдар бою англис тилинен мугалим болуп иштеген. «Атабыз капыстан жүрөк оорусунан көз жумду. Артында 3 кыз, 2 уулу, 16 небереси калды»,- деди уулу.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Омарбек Жоробаевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына  терең кайгыруу менен көңүл айтат.