Туристтер жанар тоого пицца бышырып жешти (видео)

Гватемалада эс алып жүргөн туристтер активдүү жанар тоого пицца жасашты. Бул тууралуу Times Now басылмасы жазды. 

Америкалык саякатчы-блогер өзүнүн социалдык тармактарында Гватемалага болгон сапарынын видеосун бөлүштү. Анын айтымында, ал туристтер тобу менен бирге акыркы жолу 2021-жылы атылган активдүү Пакая вулканына чыгууда адаттан тыш пиццаны жеп көргөн.