Туристтер үчүн Кыргызстандын виртуалдык картасы чыкты

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандын туристтик, 3D виртуалдык картасын чыгарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Министрликтин айтымында, картадагы ар бир аймактагы тарыхый, туристтик жайлар, кооз 3D өлчөмүндөгү сүрөттөр менен чагылдырылган. Ал сүрөттөр жай айларында тартылып, даярдалган. Ошондой эле картадагы тексттерди орус, кыргыз, англис тилинде окуп, көрүүгө болот.

Виртуалдык картанын расмий бет ачары февраль айына пландалып жатат.