Туристтерге жардам берип, акча алуудан баш тарткан кытайлык кыргыздын видеосу тарады

Туристтерге жардам берип, бирок акча алуудан баш тарткан кытайлык кыргыздын видеосу тарады. Аны «CGTN» кытай эл аралык телеканалынын орус тилинде чагылдырган кызматы жарыялады.

Видеодо Синьцзянда жашаган койчуман туристтерге унаасын баткактан чыгарууга жардам бергени көрсөтүлгөн. Алар акча берип, ыраазычылыгын айтарда койчуман Кытайдын коммунисттик партиясынын төш белгисин көрсөтүп, акчаны алуудан баш тарткан. Кийген кийими, башындагы ак калпагы жана сүйлөгөнүнө караганда, койчуман — кытайлык кыргыз. Кытай жалпыга маалымдоо каражаттарында койчумандын партиянын мүчөсү экендигине, партиялык милдетти аткарганына өзгөчө басым кылышууда. Бул видеону түрдүү аянтчаларда активдүү бөлүшүп жатышат.