Туризм фонду тарабынан Нарын облусуна туристтик жол белгилери орнотулду

Нарын облусунда жаңы туристтик жол белгилери пайда болду. Аларды Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду маалыматтык навигация долбоорунун алкагында орнотууда.

Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорундагы белгилер Таш-Рабат, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Көл-Суу көлдөрүнө, Кажырты шаркыратмасына, Каратал-Жапырык коругуна, Эки-Нарын капчыгайына жана башка популярдуу жерлерге чейинки аралыкты көрсөтүп турат.

Бул долбоор боюнча Нарын облусуна жалпысынан 16 белги орнотулду.