Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Абылкасым (Баткен) Шерниязов 53 жашында каза болду. Бул тууралуу анын агасы, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Арман күн болду. Асыл иним Баткенден (Абылкасым) айрылып калдык», — деп жазды ал. Маалыматка караганда, сөөгү эртең саат 14:00дө Таластагы Чоң Капка айылына коюлат.