Президент Садыр Жапаров өзүнүн аскердеги сүрөтүн жарыялап, жаштарды кызмат өтөөгө чакырды

Бүгүн, 23-февраль — Мекенди коргоочулар күнүндө мамлекет башчы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мырзаларды майрамы менен куттуктап, жалпы жаштарды, мектеп бүтүрүүчүлөрүн кыргыз армиясынын катарында кызмат кылууга үндөдү.

Ошондой эле Жапаров билдирүүсүндө өзүнүн аскердеги сүрөтүн жүктөгөн.

“Аскердик кызмат турмушка бышкан, патриот, эл-жеринин тынчтыкта бакубат жашоосуна жетишүүгө конкреттүү максат койгон эр-азаматтар тарбияланып чыгат. Ар бир ата, ар бир эне мекенди коргойм деп, армияга кызмат кылган уулдары, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн алган билимин аябаган балдары менен сыймыктанат. Ата журт дагы мындай уул-кыздары менен даңкталат. Демек бул — чоң сыймык! Биз турмушта бышып жетилген, эрктүү, мекенчил жана билимдүү жаштар менен Кыргызстаныбыздын келечегине ак кызмат кылабыз! Урматтуу мекен коргоочулар! “Мекен чегин коргойм, өлкөмдү өнүктүрөм, эл-журтумдун байгер турмушун камсыздайм” деген ой-максатыңар эч качан майтарылбасын, кайрат-күчүңөрдөн жазбагыла”, — деп билдирген Жапаров.