«Ордунан туруп кол чабышты». Атай Өмүрзаков America’s Got Talent сынагындагы видео менен бөлүштү

Бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында America’s Got Talent 2023 сынагында өзүнүн командасы менен бийлеп, калыстарды таң калтырган видео менен бөлүштү.

Алар укмуштуудай трюктарды көрсөтүштү, акырында калыстар да, көрүүчүлөр да туруп кол чабышты.