Туш келди жерде токтотуп, жүргүнчү түшүргөн автобус айдоочуларына айып салынат

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы автобустар аялдамаларда гана токтошу керектигин эскертет. Көпчүлүк учурда жүргүнчүлөр коомдук транспортту туура эмес жерге токтотууну суранып, кошумча тыгындарды жаратат.

«Жүргүнчүлөрдү туура эмес жерден түшүрүп, башка унааларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан коомдук транспорттун айдоочуларына айып пул салынат. Токтоо жана токтотуу эрежелерин бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 188-беренесине ылайык, айдоочуларга протоколдор түзүлөт. Жеке адамга айып пул 1000 сомду түзөт. Белгилей кетсек, шаардык муниципалитет эгерде кайсы бир жерге аялдама керек болсо, аны орнотууну карап көрөт», — дешти.