«Туугандар эле издеп жатабыз». Нарында атасы менен мал кайтарууга кеткен бала дагы эле табыла элек

Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан бала дагы эле табыла элек. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган кишинин карындашы  Жибек Самарбекова менен байланышканыбызда билдирди.

Маалыматка караганда, ӨКМ издөө иштерин жүргүзүүнү токтоткон. «Азыр туугандар, достор эле издеп жатабыз. Суу да тоңуп баштады. Издөөгө жардам бергендер болсо жакшы болмок»,- деди ал.

19-ноябрь күнү ӨКМге кабар түшкөн. Анда 16-октябрда Жумгалда 1979-жылы туулган К.Б. жана анын уулу 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундар мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу айтылган. ӨКМ издөө иштерин жүргүзүп келген. ӨКМ «Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-бала мындан ары бир жумада эки жолу изделет» деген маалымат тараткан күндүн эртеси баланын атасынын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.