Туугандары Сирияда жүргөн жарандардын тобу Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге жолугууну өтүнүштү

7-декабрда Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков жана Акыйкатчы аппаратынын адистештирилген бөлүмүнүн кызматкерлери туугандары Сирияда жүргөн жарандардын тобун кабыл алышты. Бул тууралуу аталган аппараттан билдиришти.

Арыз ээлеринин айтымында, учурда Сирияда 130дан ашык аял жана 400гө жакын жашы жете элек балдар бар. Жолугушууда арыз ээлери Сириядан жакындарын кайтарууга ар тараптан колдоо көрсөтүүнү суранышты. Ошондой эле туугандары Сирияда жүргөн жарандардын тобу Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушууну уюштурууга көмөк көрсөтүүнү суранышты.

«Арыз ээлери тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча Акыйкатчы аппараты президенттин наамына кайрылып, жакындары Сирияда жүргөн жарандардын тобун, ошондой эле “Протяни руку помощи” коомдук-кайрымдуулук фондунун ата-энелер комитетинин өкүлдөрүн кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен кат жөнөттү», — деп айтылат маалыматта.