«Туугандары сөөктү алып кетишти». Арстан Алайдын жактоочусу СИЗОдон которулганы тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 5-январда Арстан Алай каза болду. ЖАК анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган жеринен табылганын билдирди.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын жактоочусу Самарбек Болотбеков менен байланышканыбызда, анын СИЗО-1ден №31 түзөтүү мекемесине өз эрки менен которулганын билдирди.

«Ал 27-декабрда СИЗО-1ден №31 дарылоо мекемесине которулган. Мен жолугушууга барып, жолуга алган эмесмин. Ага чейинки жолугушууда өз эрки менен №31 дарылоо мекемесине которуларын айткан. Мен тактап сурагам. Ал башы ооруп жатканын айткан. Башынын оорусун кызматкерлерге да айтканын билдирген. Ошондон улам которууну чечишкен. Туугандары сөөктү 1-2 саат мурда алып кетишти. ЖАК тергөө иштерин жүргүзөт. Ошонун жыйынтыгы жана жакындарынын айтымы менен кийинки кадамыбыз аныкталат», — деди жактоочусу.

Арстан Алай 14-декабрда дайынсыз болуп, милиция тарабынан изделип жатканы маалым болгон. 15-декабрда анын УКМК тарабынан кармалганы жана «диний кастыкты козутуу» беренеси менени айыпталып жатканы айтылган. Кийин УКМК маалымат таратыпАрстан Алайды «кыздарды колдонуп жүргөн» деген. 17-декабрда бөгөт чарасы каралып, 15-январга чейин камакта калтырылган болчу. 25-декабрда социалдык тармактарда «Арстан Алай абакта каза болду» деген маалымат тарап, ЖАКтан бул маалымат жалган деп билдиришкен.