«Туулган күнүнүн эртеси көз жумду» дейт төрөттөн кийин төшөктө 4 жыл жаткан келиндин агасы

Мындан 4 жыл мурда 34 жашта болгон Залина Үмөталиева жөнүндө материал даярдалган болчу. Ал төртүнчү наристесин жарыкка алып келүү учурунда эс-учун жоготкон. Ошондон улам өз алдынча кыймылдабай, мурду аркылуу тамактанып калган. Анын мындай абалга келүүсүнүн себебин жакындары айтып беришкен.

Бүгүн, 26-январда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Залина Үмөталиеванын каза болгону маалым болгон. Редакция анын агасы менен байланышканыбызда, келиндин 27-декабрда каза болгону маалым болду. «26-декабрь туулган күнү болчу. 27-декабрга караган түнү каза болду. Жакшы болуп кетет деп ойлогонбуз, бирок ошол боюнча эле төшөктө жатып кете берди»,- деди агасы.