Тууну көтөрүү аземине кимдер катышты? (видео)

Бүгүн, 8-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Ала-Тоо» аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты.

Аземге Бишкек шаарынын тургундары да күбө болушту. Тууну көтөрүү учурунда аскердик оркестрдин коштоосунда мамлекеттик гимн жаңырды.

Мамлекеттик тууну жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо таап, ага өткөн жылдын 22-декабрында Президент кол койгон.