Тууну өзгөртүүгө каршы митингдин уюштуруучусу Афтандил Жоробековдун кармалганы айтылууда

Тууну өзгөртүүгө каршы митингдин уюштуруучусу, жарандык активист Автандил Жоробеков ИИМ тарабынан кармалганы айтылууда.

Ал бүгүн ИИМге суракка чакырылган эле. Алдын ала маалыматтар боюнча ал сурактан кийин камакка алынган.

Жарандык активист өзүнүн соцтармактагы баракчасына кармалганын, телефонун алып койгону жатканын жазган.

ИИМ бул тууралуу маалымат бере элек.