Туунун авторлорунун бири Жусуп Матаев акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 18-сентябрда Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, “Даңк” медалынын ээси, мамлекеттик туунун авторлорунун бири Жусуп Матаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.

Жусуп Матаев 1956-жылы Токтогул районунда төрөлүп, өмүрүн сүрөт өнөрүнө арнаган. Ал “Токтогул Сатылганов”, “Кыз куумай”, “Байбиче” сыяктуу чыгармалары жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири катары элибиздин жүрөгүндө өчпөс из калтырды. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.