«Туура эмес жол экен». Базар-Коргондун тургуну «Хизбут-Тахрир» уюмунан баш тартты

Базар-Коргон районунун тургуну «Хизбут-Тахрир» уюмунан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 34 жаштагы район тургуну «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартты. Ал буга чейинки кадамдары туура эмес экенидигин түшүнгөндүгүн айтып, жаштарды бул жолго барбоого чакырды. Биздин коомго, үрп-адатка чоочун келген агымдардан баш тартаарын, мындан ары туура жолго багыт аларын билдирди.