«Туура түшүнгүлө». Бишкекте жолдор оңдолуп жаткандыктан, тыгын болууда

Жолдорду оңдоп түзөө иштери жүрүп жаткандыктан шаарыбызда жол тыгындары пайда болууда. Жарандарыбызды туура түшүнүүгө чакырабыз. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.
Азыркы убакта Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жол жумуштары жүргүзүлүүдө. “Бишкек жылуулук борбор” муниципалдык мекемеси тарабынан магистраль түтүктөрүн алмаштыруу жумуштары жүргүлүп жаткандыгына байланыштуу Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки жол тилкесинде жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилген. ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан жерине чыгуу менен комиссиялык кароо жүргүзүлүп, жол тыгындарын азайтуу максатында тиешелүү тапшырмалар берилди. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын аймагында Кокчетавская, Ахунбаев, Конорчок, Исанов көчөлөрүнүн, Эркиндик бульварынын жол тилкелеринде жол жумуштары жүргүзүлүп, убактылуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилген.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаабыздын коноктору, убактылуу жабылган жол тилкелерине алдын ала альтернативдүү маршруттарды тандооңузду сунуштайбыз.