«Тыгынды азайтат». Бишкекте темир жол аркылуу өтүүчү 2 жол куруу пландалууда

Бишкек шаарында автотыгындардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча кыска мөөнөттүү чараларды көрүү максатында Лев Толстой көчөсүнө чыгуучу темир жол аркылуу Фучик жана Бакаев көчөлөрүн бойлото жолдорду куруу боюнча даярдык иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ишти баштоо буйругун Бишкек шаарынын мэри «Кыргызтемиржол» ишканасынын жетекчилигинин жана башка мамлекеттик органдардын катышуусунда өткөн көчмө жыйында берди. Бүгүнкү күндө темир жол шаарды эки бөлүккө бөлүп турат, учурдагы эстакадалар шаардын түштүк жана түндүк бөлүктөрүнүн ортосунда жетиштүү транспорттук байланышты камсыздай албайт.

Буга байланыштуу Лев Толстой көчөсүнө чыгуучу темир жол аркылуу төмөнкү көчөлөргө жолдорду куруу пландаштырылууда:
— Фучик Лев Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейин темир жол аркылуу;
— Бакаев көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин (Ала-Арча каналынын батыш жээги).

Бул чечим Лев Толстой көчөсүнүн түштүк жана түндүк бөлүгүнөн жетиштүү транспорттук байланышты камсыз кылуу менен Жаш гвардия бульвары жана Асаналиев (Некрасова) көчөлөрүндөгү тыгындарды бир топ жеңилдетет, бул шаардын түштүк жана түндүк бөлүктөрүн бириктирүүчү жападан жалгыз участок. Келечекте бул жолдорду Түштүк магистралга чейин узартуу пландалууда.