Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев 12 жылдык билим берүү боюнча оюн айтты.
«Бул боюнча Камчыбек Ташиев да, өкмөт да өз оюн айтты. Акырында чоң чогулуш да болду. Муну эми адистер карап чыкса, 12 жылдык окууга этап менен өтүшүбүз керек. Урматтуу министр айым, сиз чет өлкөлүктөрдүн тапшырмасын аткарып жатасызбы же президенттинби?» деп суроо салды билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаевага.
Кендирбаева бул жерде чет өлкөлүктөрдүн тапшырмасы жок экенин айтты. «Бул Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун талабы», — деди.