Түлөбаев Кара-Кеченин көмүрүн жагууга тыюу салуу керек дейт

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун тез арада газ менен иштөөгө которуу керек. Бул тууралуу борбор калаанын башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаарды каптаган кара ышка байланыштуу үн катты.

Анын айтымында, жаңы конуштун тургундарына да Кара-Кеченин көмүрүн жагууга тыюу салуу зарыл. “Башка жолун көрбөй турам, быйыл ышты токтотуу мүмкүн эмес. Өкмөткө кайрылуу керек, ал калкты газ менен жылытууга өтүү жолу боюнча чечим табышы кажет”, — дейт Түлөбаев.

Буга чейин Финансылык полициянын башчысы Сыймык Жапыкеев да Бишкек ЖЭБин текшерүү  керектигин билдирген эле. “Флагштокко барсак, ал жакта Күн чакчайып тийип турат. Шаар болсо газ чабуулуна кабылгандай. Кара-Кеченин көмүрү чийки, ал бизге туура келбейт”, — деп жазган Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасына.