Сыдыков, Атазов, Түлөбаев… Мамлекеттик сыйлык алган депутаттар

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев «Даңк» ордени менен сыйланды.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам менен депутаттар Гүлкан Молдобекова менен Данияр Төлөнов сыйланды.

“Кыргыз Республикасынын транспортуна  эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам менен депутат Бактыбек Сыдыков сыйланды.

Депутаттар Лейла Лурова жана Балбак Түлөбаев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алышты.

“Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам менен депутат Шайлообек Атазов сыйланды.