Түндө 2 ирет жер титиреди. Кайсы аймактарда сезилди?

Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, 24-январь күнү саат 01:11де Кытайдын аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал эми Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында 2,5 баллга, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллга (Ыштык айылынан 38 чакырым түштүк чыгышта, Кажы-Сай айылынан 147 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Ошондой эле жер титирөө Кытайда саат 02:38де кайталанып, күчү 6,5 баллга жеткен. Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык, Кара-Сай, Бедел, Ак-Шыйрак айылдарында 3 баллга (Ыштык айылынан 64 чакырым түштүк чыгышта, Кажы-Сай айылынан 165 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.