Түндө батирден жалгыз табылган наристе Балдар үйүнө жеткирилди

Түндө Бишкектеги батирлердин биринде жалгыз калган наристе Балдар үйүнө өткөрүлдү. Бул тууралуу Сереп Медиа агенттигине Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, батирде жалгыз калган кыз 2 жашта. Аны кароо учурунда денесине эч кандай залал келтирилбегени аныкталган.

«Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыз атасы менен бирге жашайт, ал эми апасы чет өлкөдө иштеп жүргөн. Милиция кызматкерлери тарабынан наристенин ата-энесинин аты-жөнү такталып, алар менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда кыз балдар үйүнө жеткирилди. Бул факты Свердлов РИИБинин электрондук журналына катталып, бардык чогултулган материалдар Свердлов районунун балдар иштери боюнча комиссиясына өткөрүп берүү үчүн даярдалууда», — деп билдиришти Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан. 

27-апрелге караган түнү ӨКМдин нөөмөт бөлүмүнө  шаар тургундары чалып, коңшу батирде кичине бала ыйлап жатканын маалымдашкан. Дарек боюнча барган куткаруучулар батирдин эшигин ачып киришип, 2 жаштагы наристени көрүшкөн. Анын жанында эч ким болгон эмес.