Түндө Жалал-Абадда жер титиреди

Бүгүн, 14-мартта саат 03:06да Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бор-Дөбө тилкесинде 3,5 баллга, Жетиген, Кетмен-Төбө, Саргата, Камыш-Башы (Чалдыбар), Көк-Бел, Кызыл-Ураан айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.