Кечээ, 6-октябрь күнү саат 02:29да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Башкы-Терек айылында 5,5 балл, Чакмак-Суу айылында 5 балл жана Талас облусунун Талас шаарында 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.