Баткен облусунун Лейлек районунун чек ара айылдарында тажик аскерлеринин аткылоосунан качып, Лейлектин 17 миңден ашуун тургуну өз алдынча эвакуацияланды. Бул тууралуу журналисттерге райондун акиминин орун басары Максатай Каримбердиева билдирди.
Анын айтымында, качкандар бала бакчаларга, мектептерге жана коопсуз айылдардын жергиликтүү тургундарынын үйлөрүнө жайгаштырылган. «Эвакуацияланган жерлерде бир нече адам өзүн жаман сезип, Тез жардам чакырып, медициналык жардам көрсөтүшкөн. Дарыгерлер тургундардын ден соолугуна көз салып турушат», — деди ал.
Ал белгилегендей, бүгүн алардын бир бөлүгү айылдарына кайта башташты.