Түндө Сүлүктүдө үй өрттөндү

Бүгүн, 6-январь күнү Сүлүктү шаарында үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Саат 01:17де 1 күжүрмөн эсеп, ал эми саат 01:35те 2-күжүрмөн эсеп №52 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн тартылган. Кошумча күч катары саат 02:05те Раззаков шаарындагы №74 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүмдө 4 өрт-өчүрүүчү куткаруучу чыгып, саат 02:30да жетишкен. Натыйжада саат 02:47де чектөөгө алынган, жалын саат 03:17де толугу менен өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун жалпы ээлеген аянты 300 чарчы метрге чейин жеткен. Бактыга жараша адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес. Учурда материалдык чыгым жана өрттүн чыгуу себеби такталууда.