«Түндүк электр» электр эсептегичтерге чек койду

“Түндүк электр” ААКсы эсептегичтерге (счетчик) электр энергиясын керектөөнүн чегин койду. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чечим суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоо боюнча кабыл алынды. Электр энергиясынын чеги электр энергиясын пайдалануу эрежелерине ылайык, бир фазалуу кирүүсү бар абоненттер үчүн 5 киловаттка чейин, үч фазалуу кирүүсү бар абоненттер үчүн 10 киловаттка чейин белгиленет.

«Абоненттер электр эсептегичтерге күч болбошу үчүн электр шаймандарын бир калыпта колдонушу керек. Абоненттер ар кандай суроолор боюнча биздин күнү-түнү иштеген call-борборубузга 1209, 0772001209, 0702001209 жана 0556001209 телефондору аркылуу кайрылса болот. Ошондой эле 0551001209 WhatsApp номерине билдирүү жөнөтсөңүз болот», — деп билдиришти «Түндүк электр» ишканасынан.