«Түндүк электр» ишканасы жаңы конуштардын жарыгы эмне үчүн өчүрүлгөнүн айтты

Алтын-Казык конушунда электр жарыгы үчүн акча төлөнбөгөндүктөн өчүрүлгөн. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алтын-Казык жаңы конушунда жашаган абонент Ж.Келдибекова 301 миң 527 сом дебитордук карызын төлөбөгөндүктөн, электр жарыгы өчүрүлгөн. Анда белгиленгендей, жер трансформация болбогондуктан, «Түндүк электр» ишканасы аталган конуштун тургундары менен электр жарыгын камсыздоо боюнча түз келишим түзүүгө укугу жок. «Абонент Келдибекова компания менен «турмуш-тиричилик абоненти» категориясы боюнча «тургундар тобу» абоненти катары келишим түзгөн. Келишимге ылайык, абонент керектелген электр энергиясы үчүн төлөмдү башка абоненттерден өз убагында алууга милдеттүү. Абонент бир нече жолу карызды толугу менен жабуу боюнча келишимге кол койгонуна карабастан, жыл башынан бери карыз толук төлөнө элек», — деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ, 17-ноябрда Алтын-Казык менен Теңдик конуштарынын тургундары айланма жолду бууп алышкан. Алар буга 2 күндөн бери жарыктын жоктугу себеп болгон.