«Түндүк электрдин» башкы директору алмашты

Азамат Кожомкулов «Түндүк электр» ААКтын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Мындай чечимди директорлор кеңеши 2021-жылдын 23-ноябрында кабыл алган. Кожомкулов бул кызматка компаниянын директорлор кеңеши тарабынан 2021-жылдын 18-августунда дайындалган.

Ал эми анын ордуна Нурдин Осмонов башкы директор болуп дайындалды.