Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар Кыргызстанга келди.
Түндүк Кипрдин президентин “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Белгилей кетсек, Эрсин Татар Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.