Түндүк-түштүк альтернатив жолунда жардыруу уланууда

Түндүк-түштүк — Казарман — Балыкчы альтернативдик автоунаа жолундагы (Тогуз-Торо-Жумгал) аралыгында Капчыгай участкасында чоң көлөмдөгү таш көчкүлөрүн тазалоо жана жардыруу иштери жүрүп жаткандыктан узак жолго, мал жандыктарды кароого чыкпоону эскертет.
Жеринде Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, райондук ички иштер бөлүмү, жол тейлөө ишканасы жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барууда. Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, адам өмүрүнүн кыйылышына жол бербөө максатында, жардыруу иштери жүргүзүлө турган аймакка барбоону эскертет!

24-июль болжол менен саат 12:20да альтернативдик автоунаа жолунун Казарман-Балыкчы унаа жолунун Капчыгай участкасында кум-таш аралаш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.