Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда сел жүрүп, каттам жабылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман бөлүгүндөгү 250-255 чакырым аралыгында кечээ, 23-июнь күнү саат 18:00 чамаасында жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, унаа жол жабылган.
Көлөмү болжолдуу 5000 м3 түзөт. Азыркы учурда каттам убактылуу жабык, таш көчкү түшүү коркунучу болгондуктан тазалоо иштери бүгүн эртең менен улантылды.