Түндүк-түштүк жолунун дээрлик 4 миң метрлик тоннелинде жолчулар эки тараптан тең казылып келе жаткан бөлүгүнө жетти

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган тоннелдеги өтмөк казылып бүттү. Ал эми негизги тоннелде жумуштар улантылууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Кечээ, 30-январь түнү жолдун Көк-Арт ашуусуна курулуп жаткан кичи кошумча тоннель ачылды. Анда жолчулар эки тараптан тең казылып келе жаткан бөлүгүнө жеткен. Негизги тоннель менен катар капталындагы сервистик тоннель чукул кырдаалдарда жана кызмат көрсөтүүдө колдонулат. Алдыда тоннелден казылган топурактарды алып чыгуу, бетондоо, аба тазалоочу курулмаларды орнотуу, жарыктандыруу жана суу агымын жөнгө салуу жумуштары аткарылат.
Түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолундагы тоннелди казуу иштери 2015-жылы башталган. Кичи тоннелдин узундугу 3 миң 890, туурасы 4 метрди түзөт. Ал эми негизги тоннелди 2022-жылдын соңунда аяктоо пландалган. Учурда калган 898 метр аралыгын казуу иштери жүрүүдө.