Түп — Кеген унаа жолу калың кардан улам жабылды

Түп-Кеген унаа жолу калың кардан улам жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

«Учурда жол жабык, катуу шамал жолго кар күрткүсүн толтуруп жаткандыктан тазалоо иштери бороон токтогондон кийин жүргүзүлөт», — дешти.