Түп районунун тургуну: «Картошкабызды сел алып кетип, балдарыбызды мектепке кийинте албай жатабыз»

31-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү айылында сел жүргөн. Бүгүн, 14-сентябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Наргиза Бактыбекова аттуу тургун кайрылып, сел 50 сотых жер тилкедеги картошкасын жууп кеткенин айтып, кенемте ала албай жатканын билдирди.

«Биз картошканын үрөнүн 50 сомдон алганбыз. Кредитибиз бар. Мектепте окуган балдарга кийим-кече, кышкыга көмүр алмакпыз. Эми бизге кенемте бербей жатышат. «Айыл өкмөт» дешет, ал жерге барсак, «аким чечет» дешет. Кайсы жакка барабыз билбейм», — деди ал.

Редакция айыл өкмөт башчысы Максат Бакасов менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.