Түптө 5 тонна кара куурай өрттөлдү

Ысык-Көл облусунун Түп районунун аймагында кара куурай өсүмдүгү жок кылынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Узундугу эки метрге жакын кара куурай өсүмдүгү Казакстан менен чектеш болгон Түп районуна караштуу «Табылгыты» аймагында ИИМдин Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча баңгизатка каршы кызматкерлери жана Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин алкагында аныкталган.

Чек арага жакын жайгашкан жергиликтүү тургундар тарабынан ар кандай баӊгизаттарын даярдоонун алдын алуу, ошондой эле, алар тараптан чек араны бузууга, наркотрафике жол бербөө максатында, 10 сотых жапайы кендир менен жабыркаган аянт чабылып, 5 тонна жашыл массасы өрттө жолу менен жок кылынды.