Түптө 6 жаштагы баланы сактап калган Акмаанай медаль менен сыйланды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде сууга чөгүп жаткан баланы куткаргандыгы үчүн медаль менен Акмаанай Нурланова сыйланды.

Ал 23-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы Түп суусуна түшүп кеткен 6 жашар баланын өмүрүн сактап калган. 12 жаштагы Акмаанай ага катар эле өз убагында жабырлануучуга биринчи жардамды да туура көрсөтө алган. Эр жүрөктүүлүк менен адам өмүрүн сактап калган келечек ээсинин эрдиги башкаларга үлгү экендигин баса белгилеген министр жана министрликтин жалпы жамааты Акмаанайга кең келечек каалайт.

Акмаанай Нурланова Түп районунун Карымшаков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 6-классынын окуучусу.