Түптө 78 жаштагы карыяны суудан жана бош имараттардан издеп жатышат

Бүгүн, 21-ноябрда Ысык-Көл облустук Түп районундагы 7 куткаруучу жана башкармалыктын 1 офицери Түп айылынын 1945-жылы туулган тургунун издөөгө чыгышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Учурда куткаруучулар жергиликтүү тургундардан 15 адам менен биргеликте жер-жерлерге бөлүнүп, Түп айылынын көчөлөрүнөн, суу жээктеринен жана бош имараттардан издеп жатышат.