«Түптө мектеп директору кечигип келип, андан кийин телефон карап отурган окуучуга кол көтөргөн». Министрлик маалымат берди

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында жайгашкан Тагаев атындагы орто мектепте 20-февралда болгон окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги комментарий берди.

Милицияга жарандан арыз түшкөн. Анда 9-класстын окуучусуна карата директор тарабынан кол көтөрүү болгону айтылган. «Директордун түшүнүк катында ал 20-февралда 9-класстын 4-сабагына катышканы белгилүү болду. Окуучу сабакка кечигип калган, анда тарых мугалими жана директорду көзгө илбей, телефонду карап мугалимдин сабагына тоскоол болгон. Сабактан кийин окуучуну директордун кабинетине чакырышкан. Директор эмоциясын кармабай албай чаап жибергенин мойнуна алды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда РИИБ тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат. Райондук билим берүү бөлүмү иликтөө иштери аяктагандан кийин толук маалымат берилерин билдирди.