Түптө трансформаторду сүйрөп барып, алмаштырып келген электриктердин видеосу

Түп райондук электр тармактарынын кызматкерлери Михайловка айылында ашыкча жүктөмдүн айынан күйүп кеткен трансформаторду тез арада калыбына келтиришти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

«Кардын калыңдыгынан техника тыгылганына байланыштуу, трансформаторду энергетиктер колго сүйрөп, жеткизип, тез арада күйүп кеткен тетикти алмаштырышып, 2-3 сааттын ичинде элге жарык беришти», — дешти.