Орхан Инандынын иши сотко жөнөтүлдү (түзөтүлдү)

Түркияда «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандынын сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты. 

Орхан Инандыга куралдуу террористтик уюмду башкарган деген айып тагылууда. Анкара шаарынын прокуратурасы аны 15 жылдан 22,6 жылга чейин эркинен ажыратууну суранууда.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.